Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Каракол» тоо лыжа базасындагы окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат.
Социалдык тармактарда тоо лыжа базасында деңиз деңгээлинен 3040 метр бийик жеринде атайын эс алуучулар айлананы карап суктана турган жерде катар турган туристтер заара ушатып жатканы тууралуу маалымат тараган.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына билдиргендей, бул окуя боюнча текшерүү иши башталды. Окуя 2026-жылдын 15-мартында Ак-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
«Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.