Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Боз-Учук аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери өткөрүлүп жаткан бир айлык профилактикалык иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чаралар үй-бүлөлүк зомбулуктун, «Арсенал» операциясынын алкагында мыйзам бузуулардын алдын алуу жана интернет алдамчылыгынан жарандарды коргоо максатын көздөйт.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жарандарга акыркы убактарда белгисиз адамдар ар кандай мессенджерлер, социалдык тармактар жана телефон чалуулар аркылуу жарандардын жакындарынын же тааныштарынын атын жамынып, акча сураган учурлар көбөйүп жатканы тууралуу маалымат берилүүдө. Мындан тышкары, шектүү шилтемелерди жөнөтүү аркылуу жарандардын жеке маалыматтарын жана банктык реквизиттерин алууга аракет кылган учурлар да катталууда.
Ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери жарандарды төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:
• шектүү шилтемелерге кирбөө;
• белгисиз номурлардан келген SMS же билдирүүлөргө ишенбөө;
• жакындарыңыздын атынан келген билдирүү же чалуу болсо, сөзсүз түрдө кайра байланышып, маалыматты тактоо;
• банк карталарынын номурларын, коддорун жана жеке маалыматтарды эч кимге бербөө;
• күмөн жараткан чалууларга же билдирүүлөргө жооп берүүдөн карманып, маалыматты текшерүү.
Эгерде сиз же жакындарыңыз интернет алдамчылыгына кабылган болсоңуздар, дароо милицияга кайрылыңыз. Милиция жарандарды сак болууга жана жеке маалыматтарынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.